13–15-июнь күндөрү ololoAkJol пансионатында ProKG Кесипкөйлөр Клубу ишке ашырган «Кадам» жана «Пре-Кадам» билим берүү программаларынын финалисттери үчүн үч күндүк лагер болуп өттү.
Лагерге жалпысынан 15 финалист катышты — «Кадамдан» 5 жана «Пре-Кадамдан» 10 катышуучу. Үч күндүн ичинде катышуучулар төмөнкү темалар боюнча практикалык жана мотивациялык сессияларга катышышты:
🧠 психология жана эмоциялар менен иштөө 🌱 өзүн таанып-билүү жана жеке өнүгүү 😟 келечектен коркуу жана аны жеңүүнүн жолдору 🎯 кесип тандоо жана ЖОЖго тапшырууга даярдык 🧩 психотиптер жана айланадагы адамдарды түшүнүү
Катышуучулар ийгиликтүү адамдар менен жолугушуп, алардын тажрыйбасынан шыктанышты, пайдалуу кеңештерди угушту жана колдоо алышты.
Интерактивдүү тапшырмалардын жана биргелешкен иштин аркасында, балдар жаңы досторду таап, бири-бирине дем берип, жалгыз эместигин сезишти.
Проектти колдоп, жаштардын мүмкүнчүлүгүнө ишенген бардык спикерлерге жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз! 🙏