3–6-августта «Менин Мектебим» долбоорунун юбилейлик, бешинчи көчмө лагери өттү — бул төрт күн билимге, шыктандырууга жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген таланттуу бүтүрүүчүлөр менен жаңы таанышууга толду!
Биринчи күндү Novotel мейманканасында өткөрдүк — салтанаттуу ачылыш жана катышуучулар үчүн кечки тамак болду. Жодар Сайдилканга меймандостугу үчүн чоң ыраазычылык!
4–6-августта лагерь Борбордук Азия Эл аралык университетинде (Токмок ш.) уланды. Уюштурууга жардам берип, колдоо көрсөткөнү үчүн МУЦАнын жетекчилигине жана Камила Дүйшебаевна Шаршекеевкага ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле, бардык спикерлерге — Аманат Молдокеевa, Алмаз Чаначев, Таалай Жумабаев, Элдос Амантур, Искен Кенжебаев, Айдай Токтосунова, Бермет Ахунова, Иван Ниненко, Нурзат Тынымбек — катышуучуларга берген баалуу билими жана мотивациясы үчүн чоң ыраазычылык!
«Менин Мектебим» долбоорунун кураторлоруна жана ProKG коомчулугуна өзгөчө ыраазычылык — ушул лагерь сиздердин колдооңуздар менен мүмкүн болду. Быйыл өлкө боюнча 120дан ашык катышуучу чогулу — жана бул унутулгус болду! ♥️
📸 Сүрөттөрдү Flickr платформасындагы бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот 📲 Кантип өткөнүн — биздин баракчадагы актуалдуу стористерден көрсөңүз болот