Жаңылыктар жана Окуялар

Проекттин экинчи этабы — Ысык-Көлдө «Энелер-Мария» көчмө лагери!

Проекттин экинчи этабы — Ысык-Көлдө «Энелер-Мария» көчмө лагери!

4–8-июль күндөрү ololoAkJol локациясында «Энелер-Мария» көчмө лагери өтүп, ага Кыргызстан менен Казакстандан келген 100дөн ашуун апалар жана мугалимдер катышты. Беш күндүн ичинде катышуучулар тажрыйба алмашуу, колдоо жана жеке өнүгүү атмосферасына толук чөмүлүштү.

Лагердин программасы маанилүү жана актуалдуу темалардагы сессиялар менен тренингдерди камтыды:
  • өзүн жана башкаларды түшүнүү;
  • заманбап шартта балдарды тарбиялоо;
  • ден соолукка кам көрүү;
  • каржылык сабаттуулук;
  • өзүн таануу жана жеке өнүгүү жолу.

Ар бир жолугушуу практикалык сунуштарга, интерактивдүү көнүгүүлөргө жана спикерлерден турмушта жана жумушта колдонууга боло турган жоопторду алуу мүмкүнчүлүгүнө бай болду.

Биз өзүнүн тажрыйбасы жана билими менен бул лагерди ишке ашырган спикерлерибизге чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз.

Спикерлер:
  • Таалай Жумабаев
  • Михаил Ледер
  • Данияр Аманалиев
  • Меруерт Жунусбек
  • Жанна Ибраева
  • Асхат Абжанов
  • Зарина Макен
  • Алия Рахман
  • Айсалкын Аманбек кызы

Биздин ишенимибизде, бул лагерь катышуучуларга жаңы билимдерди, пайдалуу куралдарды жана эң негизгиси — өз жолу менен жалгыз эместигин, жанында ар дайым колдоп, шыктандырып турган санаалаштар бар экенин сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Азыр катышуучулар долбоордун үчүнчү этабында. Бул этапта алар Михаил Ледерден бир катар тренингдерден өтүп, алынган билимдерди бекемдөө жана жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жолугушууларга, интерактивдүү оюндарга катышып жатышат.

Бардык катышуучуларга кийинки этаптарды ийгиликтүү аяктоону, алган идеяларын ишке ашырууда шыктанууну жана өз күчүнө ишенүүнү каалайбыз.

📷 Лагерден тартылган сүрөттөрдү Flickr ProKG платформасынан көрө аласыздар.
📌 Лагер кандай өткөнү тууралуу — биздин Instagram баракчабыздагы актуалдуу стористе.
🎥 2025-жылдагы лагердин атмосферасы жана катышуучулардын пикирлери менен видеону — биздин YouTube каналынан көрө аласыздар.