"Кадам" Долбоору

ТАЛАНТТУУ СТУДЕНТТЕРГЕ ДҮЙНӨДӨГҮ АЛДЫҢКЫ УНИВЕРСИТЕТТЕРГЕ ТАПШЫРУУГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ

ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ

Кадам – бул ProKG Профессионалдар клубу жана дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте түзүлгөн билим берүү демилгеси.

Долбоордун миссиясы
Кыргыз Республикасынын таланттуу жана умтулган студенттерине АКШнын эң престиждүү университеттерине жана дүйнөлүк жогорку окуу жайларга тапшырууга жардам берүү. Долбоор жаштарды өз потенциалын ачууга жана жогорку билимге умтулууга шыктандырат.

Кадам долбоору окуучуларга төмөнкү багыттарда жардам көрсөтөт:
  • Экзамендерге даярдануу,
  • Университетке тапшыруу процессинде техникалык жана консультациялык колдоо,
  • Тесттердин жана документ тапшыруунун чыгымдарын жабуу.
ProKG командасы жана алдыңкы университеттердин бүтүрүүчүлөрү студенттерге окууга кабыл алынганга чейин толук жетектөө жана колдоо көрсөтүшөт.

ПРОГРАММАГА КАТЫШУУНУН БААСЫ: АКЫСЫЗ!

Made with Visme

31 бүтүрүүчү коштоо программасынан өтүп, дүйнөдөгү алдыңкы университеттерге ийгиликтүү тапшырды!

Биздин бүтүрүүчүлөр АКШнын эң престиждүү университеттеринде, ошондой эле Европада, жана Азиядагы престиждүү окуу жайларда окушат.
ПРОГРАММА ЭМНЕ СУНУШТАЙТ?
Университетке тапшыруу процессинде толук коштоо
SAT жана TOEFL экзамендерине даярдоо
Эссе жана сунуштамалык каттарды жазууга жардам
Дүйнөлүк алдыңкы университеттердин бүтүрүүчүлөрүнөн жеке менторлук колдоо
Спикерлер жана насаатчылар менен интенсивдүү ретрит, жеке жана кесиптик өсүүгө багытталган
Каржылык жардам (тесттердин жана документ тапшыруунун чыгымдарын жабуу)
ТААНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ
  • Катышуучулар: 10, 11-класстын окуучулары;
  • Тапшыруу программалары: бакалавриат;
  • Жарандык: Кыргыз Республикасы (же КРда жашаган);
  • Англис тилин мыкты билүү (Upper Intermediate жана андан жогору)
  • Жеке сапаттар: өзүнө ишенген, дисциплиналуу, өжөр жана өзүн өнүктүрүүгө умтулган болушу.
  • Талаптар: программанын бардык иш-чараларына толук катышууга даярдык жана жогорку окуу жайларга тапшырууга так максат коюу.
Каттоо учурунда тандоодо артыкчылык мыкты окуган, англис тилин жакшы деңгээлде билген, улуттук жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө, ошондой эле тандоо эссесин ийгиликтүү жазган талапкерлерге берилет. Волонтёрдук тажрыйба жана башка жетишкендиктер дагы артыкчылык болот.

ТАНДОО БАСКЫЧТАРЫ

КАТТАЛУУ

КАТТАЛУУ

Анкетаны толтуруу мөөнөтү — 2025-жылдын 15-марты, 23:59га чейин

БИРИНЧИ ТУР

БИРИНЧИ ТУР

Анкетаны кароо, жетишкендиктерди, мотивацияны жана англис тилинин деңгээлин текшерүү

ЭКИНЧИ ТУР

ЭКИНЧИ ТУР

Англис тили жана математика боюнча тестирлөө

ҮЧҮНЧҮ ТУР

ҮЧҮНЧҮ ТУР

Англис тилинде программа өкүлдөрү жана алдыңкы окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен маектешүү

ДОЛБООРДУН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮ

  • Замир Акимбеков
    METU жана University of California, Davis университетинин бүтүрүүчүсү. Машиналык үйрөнүү боюнча адис, Статистикалык термодинамика боюнча PhD, Статистика боюнча магистр. McKinsey & Company компаниясында улук маалымат илимпозу болуп иштеген, 2020-жылдан баштап машиналык үйрөнүү боюнча менеджер жана эксперт. Учурда АКШда жасалма интеллект боюнча стартабынын негиздөөчүсү.
  • Кайнар Камалов
    MIT университетинин Computer Science багытында билим алган бүтүрүүчүсү. Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү, IT-адиси. Microsoft, Zynga, MIT Media Lab компанияларында иштеген. 2015-жылдан бери B12 стартапында программист болуп, жасалма интеллект (AI) технологияларын иштеп чыгуу менен алектенет.
"КАДАМ"ДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ КАЙСЫ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛЫНДЫ?
КАНТИП ДОЛБООРДУ КОЛДОСО БОЛОТ?
Долбоор алдыңкы окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ментор болууга жана таланттуу мектеп окуучуларынын кийинки муундарына жардам берүүгө чакырат.


Мындан тышкары, долбоорду каржылык же маалыматтык жактан да колдосо болот.