ProKG
Профессионалдар клубу

"ProKG" Профессионалдар Клубунун миссиясы — жаш лидерлерди шыктандырып, багыт көрсөткөн адистерди бириктирген платформа түзүү. Биздин иш-аракеттерибиз жаштардын билим берүү жана кесиптик потенциалын, ошондой эле жеке өсүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.

БУЛ ДОЛБООРЛОГО КАБЫЛ АЛУУ АЧЫК:
ТАЖРЫЙБА
АЛМАШУУ
ProKG — бул кесипкөйлөрдүн өз билими жана тажрыйбасы менен жаш муундарга бөлүшүүсү үчүн түзүлгөн аянтча.
ЖАШТАРДЫ
ИЛГЕРИЛЕТҮҮ
ProKG клубунун мүчөлөрү өз жетишкендиктери менен жаштарды шыктандырып, аларга үлгү болушат.
КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЛИДЕРЛЕРДИ
БАГЫТТАЙБЫЗ
Биз жаштардын кесиптик потенциалын жана лидерлик сапаттарын чыңдайбыз.
КЛУБДУН ПРИНЦИПТЕРИ
  • АПОЛИТИКАЛЫК БАГЫТ
    ___________________________
    Клуб эч кандай саясий максаттарды көздөбөйт, Клуб жана анын мүчөлөрү мүчөлөрдүн эч кимисин ресурс катары пайдалана алышпайт, эч кимди саясий ишмердүүлүккө тартпайт, ошондой эле эч кандай саясий аракеттерге чакырууга же үгүттөөгө укуктуу эмес.
  • ӨЗ АЛДЫНЧА КАРЖЫЛОО
    _______________________________
    Клуб эл аралык донор уюмдарга көз каранды эмес. Анын бюджети мүчөлүк төлөмдөр жана жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен түзүлөт.
  • БИЛИМГЕ БАСЫМ ЖАСОО
    ______________________________
    Биздин долбоорлор билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган – бул Клубдун негизги иш багыты.
КЛУБДУН ДОЛБООРЛОРУ
ProKG жаштардын өнүгүүсүнө жана Кыргызстандагы билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга багытталган акысыз долбоорлорду ишке ашырат. Бул программаларга окутуу курстары, насаатчылык жана ар тараптуу колдоо кирет.
Аймактык мектептерди колдоого багытталган стипендиялык демилге. Бул долбоор кесиптик багыт берүү, билим берүү тренингдерин уюштуруу жана таланттуу окуучулар менен мугалимдерге жардам көрсөтүүнү камтыйт.
Аймактардагы таланттуу 8–9-класстын окуучулары үчүн уюштурулган программа. Англис тили жана математика боюнча курстарды сунуштап, мыкты университеттердин бүтүрүүчүлөрүнөн насаатчылык жана консультациялык колдоо берет.
Кыргызстандагы таланттуу жаштардын дүйнөлүк алдыңкы университеттерге кабыл алынуусуна жардам берген билим берүү долбоору. Программага даярдоо курстары, насаатчылык жана комплекстүү колдоо кирет.
Финансы, маркетинг жана аудит тармагындагы жаңы форматтагы улуттук олимпиада. Студенттер жана жаш адистер үчүн ачык.
Жаштардын лидерлик сапаттарын жана кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган программа. Окутууларды, насаатчылыкты жана топтук долбоорлорду камтыйт.
Энелер жана мугалимдер үчүн уюштурулган программа. Бул демилге аларга психология, финансылык сабаттуулук, бала тарбиялоо жана билим берүү боюнча эл аралык эксперттерден билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Кымбат баалуу бизнес адабияттарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылган заманбап китепкана кызматы.
Профессионалдар Клубунун мүчөлөрү
Профессионалдар Клубунун мүчөлөрү — бул ар түрдүү тармактардагы адистер, алардын бир максаты — Кыргызстандын жаш мууну менен тажрыйба жана билим бөлүшүү.
ЖАҢЫЛЫКТАР ЖАНА ОКУЯЛАР
КЛУБДУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

ТҮЗДӨН-ТҮЗ ТАЖРЫЙБА

_____________________________

Клубдун бардык долбоорлору жана иш-чаралары исключительно Клубдун мүчөлөрү — терең билимге жана бай тажрыйбага ээ болгон адистер тарабынан ишке ашырылат. Клуб тренерлерди же эксперттерди чакырбайт, анткени уюмдун мүчөлөрү ар кандай багыттар боюнча кеңири адистиктерге ээ болуп, иш-чараларды өз күчтөрү менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

ӨЗ АЛДЫНЧА КАРЖЫЛОО

______________________________

"ProKG" Профессионалдар Клубунун ишмердүүлүгү толугу менен өзүн-өзү каржылоого негизделген. Клубдун негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү долбоорлорду өз алдынча колдоп, уюмдун бюджети Клуб мүчөлөрүнүн бөлгөн жеке каражаттарынын эсебинен толукталат. Клуб өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн гранттарды же донордук каражаттарды тартпайт.

ИЙГИЛИК ТАРЫХТАРЫ

__________________________

Клубдун ар бир мүчөсү өзүнүн уникалдуу ийгилик тарыхына жана чоң жетишкендиктерге ээ. Клуб бул окуяларды жаш муун менен бөлүшүп, аларга дем берип келет, анткени өз мекендештеринин ийгилик тарыхтары жаштар үчүн аба сыяктуу зарыл. Бул жөн гана баян эмес – бул Кыргызстандын азыркы тарыхы, ал өз күчүң менен да чоң ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүн экенин далилдеп, түптөлгөн мифтерди жокко чыгарат.

ЫКТЫЯРДУУЛУК

______________________

Клубдун мүчөлөрү коомго акысыз жана кайтарымсыз салым кошушат. Негизги иши же башка иш-чаралары болушу мүмкүн болгондугуна карабастан, Клубдун мүчөлөрү өз убактыларын, ресурстарын жана күч-кубаттарын акысыз негизде жумшашат.

АЧЫКТЫК

________________

Профессионалдар клубу өзүн элиталык же өзгөчө уюм катары көрсөтпөйт. Биз бардыгы менен иштөөгө даярбыз жана биздин баалуулуктарды жана миссиябызды бөлүшкөн ар бир адамга ачыкбыз.

ГЛОБАЛДУУЛУК

___________________________

Бүгүнкү күндө Клубдун мүчөлөрү Сингапурда, АКШда, Германияда, Россияда, Казакстанда жана дүйнөнүн башка бурчтарында жашашат. Убакыттын жана аралыктын чоң айырмачылыгына карабастан, чет өлкөдөгү Клубдун мүчөлөрү ар дайым уюмдун ишине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн табышып, анын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келишет.

КЛУБДУН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮ

ProKG Кесипкөйлөр Клубу 2009-жылдын апрель айында жаш адистердин демилгеси менен түзүлгөн.
  • Адилет Дадыбаев
  • Ажара Бейшембаева
  • Азамат Ибраимов

  • Назира Бейшеналиева
  • Руслан Карабукаев
  • Таалай Насирдин
  • Чолпонбек Жумашукуров
Endowment Fund
ProKG Эндаумент фонду — Клубтун туруктуу кайрымдуулугун камсыздоо үчүн кайрымдуулуктарды инвестициялаган фонд.
PROKG АТКАРУУЧУ КОРПУСУ
  • Федор
    Логунов
    Аткаруучу директор
  • Акылай
    Доргоева
    Долбоор координатору
  • Айпери Кырбашова
    Долбоор менеджери
  • Аль-Шахид Джиюцан
    Байланыш боюнча менеджери
  • Карина
    Ефимова
    Бренд менеджери
  • Айсулуу Кулчунова
    Долбоор менеджери
  • Самира
    Сабатаева
    Ивент-менеджери

ӨНӨКТӨШТӨРҮБҮЗ