Долбоорго катышып, бир болугу болуп калганыма абдан кубанам. Себеби, пайдасы чексиз болду. Пайдасы мага эле болбостон мен тарбия берип жаткан оз балдарыма жана мектепте билим берген балдарыма да тийип жатат десем жанылышпайм. Озум педагог болгонум менен балдардын жана адамдардын психологиясы боюнча такыр ойлончу эмесмин. Долбоорго катышкан 1чи куну эле коз карашым озгорду. Долбоорго катышып келгенден кийин балдарга, айланамдагы адамдарга конул болуум таптакыр башкача болду. Озгочо балдарга тушунуу менен мамиле кылып калдым. Аларды тушунуп баштадым. Колдоп, коргоп, оюн угуп, журум- турумуна туура талдоо жургузуп калдым. Соз менен жеткирип суроттой албайм, бирок он жагына озгордум. Жаныландым, онуктум. Шыктандым. Коп аял, келиндерге туура кенеш берип калдым. Озумдун кемчиликтеримди байкап жойдум. Мен бул долбоор болбосо козум ачылбай, шыктанбай калмакмын. Шыктанбай дегенимдин себеби, долбоордогу спикерлер ар тармактын эксперттери болуп, оз билимдери, тажрыйбалары менен болушуп, шыктандырды. Мисалы, мен айыл чарбасы багытында кызыккан суроолорума жооп ала албай жургом. Долбоордун бир келген спикери ушул тармакта эксперт экенин угуп кубандым. Долбоордун дагы бир жакшы жери, спикерлер менен озунчо , жекече суйлошууго тузуп берген шарты болду. Мен дагы жооп таба албай жургон суроолорумду берип, эмнеден баштасам деп билбей жургон кумон нерселерге так жооп ала алдым.
Ушунчалык шыктанып калганымдын далили катары англис тили курсун ачып, балдарга, чон адамдарга англис тилин уйротуп баштадым. Долбоор мени чечкиндуу болууга уйротту. Канчадан бери чыгынып иш баштай албай жургон мага чон турку берип, кошумча каражат табып жатам. Муну менен эмне айткым келди, мен эне катары, мугалим катары, жон эле аялзаты катары алдыга чон кадамдарды таштадым. Озумду онуктуруп, башка айымдарга улгу болуп, балдарымдын келечегине кам коруп, билген, уйронгон билимдерим менен болушуп, долбоордон уйронгон бардык нерселерди жайылтып жатам. Озумдун кичи коомчулугумда таасири бар, пайдам тийген айым болдум. Себеби, тил курсун ачуу менен эле чектелбестен алдыда дагы ишке киргизе турган пландар аткарылганы турат.
Жогоруда айтылган жакшы жышаандардын баарына Энелер-Мария добоорунун салымы зор. Менин адамдык сапаттарымды, ан- сезимимди, дуйно таануумду, каржы сабаттуулугумду жакшыртып, жан дуйномду тазалаган долбоорго жана уюштуруучуларына мин мертебе ыракмат. Мендей эн алыскы райондун, эн алыскы айылындагы айымдарга чейин жетип жана ал энелер, айымдар аркылуу алыскы коомчулуктарга таасири тийип, кийинки муунга озгоруу, онугуу киргизип жаткан Энелер Мария долбоорунун бар экени суйундурот.