Лидерлик Программасы биздин агым үчүн онлайн форматта өттү, бирок ошого карабастан, абдан интерактивдүү жана пайдалуу болду.
Мен үчүн бардык тренингдер оңой өткөн жок, жаңы билимдерге каршы туруу сезимин байкадым, бирок убакыт өткөн сайын алган билимдеримди ишимде жана күнүмдүк жашоомдо колдонуп баштадым.
Программа мага адаптивдүү лидерлик тууралуу негизги түшүнүктөрдү, көйгөйлөрдүн классификациясын, фасилитаторлордун жана тренингдердин спикери Умар Шавуровдун акылман ойлорун, мыкты идеялаштарды жана жаңы досторду берди.