“Pre-Kadam” региондордогу 7-8-чи класстар үчүн. "Pre-Kadam" программасынын жаңы багытынын максаты - Кыргыз Республикасындагы региондордон финалисттердин санын көбөйтүү.
Бул максатка жетүү үчүн бардык облустардан келген таланттуу окуучуларга математика жана англис тили боюнча курстарга жеткилик камсыздалып, чыгымдар жабылат. Мындан тышкары, маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүлөт - "Kadam" программасынын мурунку бүтүрүүчүлөрү (учурда дүйнөлүк алдыңкы университеттердин студенттери) "Pre-Kadam" долбоорунун жаңы багытында ментор болушат.
Жаңы багыттын ишке кириши менен, региондордогу таланттуу окуучулар "Kadam" программасына кошулуп, анын бардык артыкчылыктарынан пайдаланып, дүйнөлүк алдыңкы университеттерге жол ачышат.