"Pre-Кадам" Долбоору

"Кадам" долбоорунун жаңы багыты – региондордогу 8-9-класстын окуучулары үчүн
ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ
8-9-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН "КАДАМ"
"Кадам" долбоорунун жаңы багыты – Кыргызстандын региондорунан чыккан финалисттердин санын көбөйтүү максатын көздөйт!
“Пре-Кадам” региондордогу 8-9-класстар үчүн. "Пре-Кадам" долбоорунун жаңы багытынын максаты — Кыргызстандагы региондордон финалисттердин санын көбөйтүү.

Бул максатка жетүү үчүн бардык облустардан келген таланттуу окуучуларга математика жана англис тили боюнча курстарга жеткилик камсыздалып, чыгымдар жабылат. Мындан тышкары, маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүлөт — "Кадам" долбоорунун мурунку бүтүрүүчүлөрү (учурда дүйнөлүк алдыңкы университеттердин студенттери) "Пре-Кадам" долбоорунун жаңы багытында ментор болушат.

Жаңы багыттын ишке кириши менен, региондордогу таланттуу окуучулар "Кадам" долбооруна кошулуп, анын бардык артыкчылыктарынан пайдаланып, дүйнөлүк алдыңкы университеттерге жол ачышат.
"КАДАМ" ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ
"Кадам" – бул ProKG Кесипкөйлөр Клубу тарабынан дүйнөнүн мыкты университеттеринин бүтүрүүчүлөрү, Кайнар Камалов жана Замир Акимбеков менен биргеликте негизделген билим берүү долбоору.
Долбоордун максаты – таланттуу жана шыктуу кыргызстандык окуучуларды дүйнөлүк алдыңкы университеттерге, анын ичинде АКШнын эң престиждүү университеттерине бакалавриат программаларына тапшырууга көмөктөшүү.
ПРОГРАММАНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
5 айлык англис тили курсу
Математика курсу жана SAT Math боюнча баштапкы даярдык
Жеке өнүгүү жана жогорку окуу жайларга тапшыруу боюнча тренингдер
"Кадам" долбоорунун бүтүрүүчүлөрүнөн жеке ментордук колдоо
Дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окуган студенттер менен байланышуу мүмкүнчүлүгү

Долбоордун узактыгы 8 ай (апрель—декабрь)

КАТЫШУУ ТАЛАПТАРЫ
Кыргызстандын региондорунда жашаган жана окуган окуучулар (Бишкек шаарынан тышкары)
Белгилүү бир тармакта ийгиликтери болушу (мисалы, улуттук илимий олимпиадага катышкан, эл аралык илимий же спорттук мелдештерде байге алган, волонтёрдук иштерге катышкан, окуу жетишкендиги боюнча алдыңкы 1% ичинде болгон ж.б.)
8-9-класстын окуучулары
Англис тилин B1-Intermediate же андан жогору деңгээлде билүү
Мамлекеттик мектепте окуган (жеке мектеп окуучулары кабыл алынбайт)
Коммуникациялык жөндөм, ишенимдүүлүк, өзүн өзү тарбиялоо, туруктуулук

Тандоодо артыкчылык мыкты окуган, англис тилин жакшы деңгээлде билген, улуттук олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө жана видеону ийгиликтүү тарткандарга берилет. Волонтёрдук тажрыйба жана башка жетишкендиктер дагы атрыкчылык катары эсептелинет.

ТАНДОО ПРОЦЕССИ

БИРИНЧИ ТУР
БИРИНЧИ ТУР
Анкета толтуруу ( 2025-жылын 24-мартка чейин)
ЭКИНЧИ ТУР
ЭКИНЧИ ТУР
Англис тили жана математика боюнча деңгээлди аныктоо үчүн тест тапшыруу
ҮЧҮНЧҮ ТУР
ҮЧҮНЧҮ ТУР
Кыргыз же орус тилинде маектешүү