Эмиль
Уметалиев
«Эндаумент-фонд» — бул жарандар жана юридикалык жактар тарабынан берилген, анын ичинде белгилүү бир максатка багытталган кайрымдуулуктар эсебинен түзүлгөн инвестициялык фонд. Фонддун каражаттары пайда алуу максатында инвестицияланып, алынган пайда Эндаумент-фонддун кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө жумшалууга тийиш.
ProKG Профессионалдар Клубунун Эндаумент Фонду ачык жана коомдук болуп саналат, ошондуктан биз фондго капчыкчы катары катышуу жана бул сонун демилгенин бир бөлүгү болуу боюнча кызыктар адамдардын сунуштарын кубануу менен карап чыгабыз.
2016-жылдын 6-январында ProKG Профессионалдар Клубунун Эндаумент Фонду боюнча кызматташуу жөнүндө Baker Tilly аудитордук компаниясы менен келишимге кол коюлган. Baker Tillyнин өкүлдөрү — Юлия Абдуманапова жана Кубат Алымкулов (ошондой эле Клубдун мүчөлөрү) — Эндаумент Фонддун көлөмүн көбөйтүүгө каражат салуу менен бул демилгенин бир бөлүгү болууга даярдыгын билдиришкен. Бул Клубдун жана биздин долбоорлордун каржылык туруктуулугу үчүн узак мөөнөттүү базаны камсыз кылат.
Ошентип, Baker Tilly 2015-жылдын октябрь айында Эндаумент Фонду негизделгенден кийин ага кошулган алгачкы уюм болуп калды.
Эгерде сиз Endowment Fund'дун капчыкчысы болуп, уюмдун өсүшүнө салым кошууну кааласаңыз, бизге hello@prokg.net дареги аркылуу кайрылыңыз.